Режим күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарын Скад ракеталары менен аткылап, көп сандаган үйгө зыян келтирүүдө.
Асад режиминин күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарын Скад ракеталары менен аткылоодо.
Сириянын Жергиликтүү координациялык комитети (LCC) ишемби күнү Асад күчтөрү Алеппо менен бирге каршылаштардын көзөмөлүндөгү Ракка шаарын да бомбалап жатканын билдирди.
LCC белгилегендей, ондогон үйлөр толугу менен урап, дагы көптөгөн үйлөрдүн зыяны тийген.
LCC Скад ракеталары тийген аймактарда каза болгондор жана жарадар болгондор бар экенин кошумчалады.
LCC режим күчтөрүнүн өлкөнүн түндүгүндөгү көптөгөн шаарда да айыл чарба жерлерин өрттөп жатканын айтты.



