Парламенттин күн тартибине HDP депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуу камтыган процесстердин кыскача баяндамасы чыкты. Теңтөрагалар Селахаттин Демирташ жана Фиген Йүксекдаг, HDPнин Измир депутаты Эртугрул Күркжү, Анкара депутаты Сырры Сүрейя Өндер жана Хаккари депутаты Селма Ирмакка байланыштуу процесстердин кыскача мазмуну Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгына тапшырылды.
Парламент сөз болуп жаткан депутаттардын кол тийбестигин алып салышы ыктымал деген маалымат бар.



