Евробиримдиктин түрк жарандарына визасыз дарбазасын ача турган процесстин биринчи кадамы 16-декабрда Анкарада ташталат.
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу шаршемби күнү Түркиянын келечекке болгон көз карашы менен Европанын бир бөлүгү болгон түрк калкы үч жылдан кийин Европа Биримдигине кирген өлкөлөр үчүн визадан бошотуларын айтты.
Түркия акырында Европа Биримдигинин түрк жарандарына визасыз дарбазаларын ачуу процессинин биринчи кадамы боло турган кайра кабыл алуу келишими боюнча макулдашты. Келишимге 16-декабрда Анкарада кол коюлат.
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Еврокомиссиянын ички иштер боюнча комиссары Сесилия Малмстром жана Еврокомиссардын Евробиримдиктин кеңейүү жана европалык коңшулук саясатынан жооптуу мүчөсү Штефан Фуле менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү. Давутоглу бул компромисс Түркиянын кайра кабыл алуу келишими менен түрк жарандарынын Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө баруусу үчүн визанын либерализациясынын ортосундагы параллелдүү процесстин алкагындагы чечкиндүү аракеттеринин натыйжасы болгонун айтты.
Реадмиссия келишими уюмга кирбеген өлкөлөрдүн Европага мыйзамсыз жол менен барган жарандарын кайтарууну карайт. Келишимге 16-декабрда кол коюлат жана ага катар эле түрк жарандары үчүн визаны либералдаштыруу процесси башталат.
Процесске чоң салым кошкон Малмстром визанын либерализациясынын адамдардын ортосундагы карым-катнашка салым кошо турганын жана Европа Биримдиги менен түрк жарандары үчүн да пайдалуу боло турганын айтты.
"Визаны либералдаштыруунун так күнү жөнүндө айтууга али эрте, бирок биз процесстин иштешин күтүшүбүз керек, процессти токтотууга же бөгөт коюуга эч кимдин негизи жок" деди Малмстром.
Кайра кабыл алуу келишими жана виза диалогунун Түркия менен ЕБнин ортосундагы туруктуу карым – катнаштарга дем бере турганын белгилеген Фүле: «Мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө өзгөчө салым кошот»,-деди.
Кипр маселесинин процесске таасир этеби же тийгизбейби деген суроого Фуле, мунаса мүчөлөрүнүн орток пикирде болушунун натыйжасы болгонун, бирок алдыбыздагы үч жыл боюнча спекуляция жасоонун кыйын экенин айтты.
AA



