ВАШИНГТОН — Франс Пресс агентствосу
Чоң жыйырмалыктын тобу ушул айдын аягында Мексикада өтө турган жыйында Эл аралык Валюта Фондунун насыя берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча консенсуска жетиши күмөн, деп билдирди өлкөнүн каржы министри.
"Февраль айында биз консенсуска жетишерибиз күмөн, өзгөчө сумма боюнча, бирок бизге көбүрөөк ликвиддүүлүк жана ЭВФти бекемдөө керек экени чын", - деди Хосе Антонио Мид 8-февралда Bloomberg уюштурган форумда.
ЭВФ январь айында Европадагы карыз кризисине каршы туруу үчүн насыя берүү мүмкүнчүлүгүн 500 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү көздөп жатканын билдирген.
Бирок Миддин айтымында, каржылоону көбөйтүүнүн механизмдери белгисиз бойдон калгандыктан, катуу сумманы белгилөө "эрте".
Анын айтымында, июнда Тынч океандын жээгиндеги Лос-Кабос шаарында Чоң жыйырмалыктын толук саммити болгондо кырдаал айкыныраак болот.
"Бардык нерсе айкыныраак болот, анткени G20 саясий консенсуска умтулуучу форум жана (президенттер) алдыдагы жолду жарык кыла алат."
Мид 20-25-февралда Мехико шаарында G26нын каржы министрлери менен борбордук банк жетекчилеринин жыйынына төрагалык кылат, ал саммитке жол ачат.
ЭВФ азыркы учурда болжол менен 385 миллиард долларга ээ болгон согуш сандыгын кеңейтүүнүн жолдорун издеп жатат.



