Болливуд актрисасы Жиах Хан Индиянын Мумбай шаарындагы батиринде жансыз денеси табылганын полиция билдирди.
Полициянын Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, Хандын апасы анын асынып турган денесин өз үйүндө тапкан. Өз жанын кыюу тууралуу кат табыла элек, дешти алар.
Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүп, полиция анын кошуналарынан маалымат сурап жатканын айтууда.
Asian Networkтун көңүл ачуу боюнча кабарчысы Суки Падда өзүнүн акыркы "Houseful" тасмасында Хан менен бирге роль жараткан Боман Ирани менен маектешти.
Би-Би-Си



