Измирдин Селчук шаарына караштуу Ширинже айылы Майя календары боюнча 21-декабрда баштала турган кыйроолордун баш калкалоочу жайына айланат деп ишенгендер быйылкы Рождество майрамында шаарды суу каптайт.
Blue Energy Group деп аталган эл аралык уюм Ширинже жана Франциянын Бугарах айылы гана кыйроолорго кабылбайт деп ойлойт. Бул ишеним, нукура архитектуралык түзүлүшү менен азыртан эле жайкы туризмдин популярдуу жери болгон Ширинже айылын бул жылы Рождество майрамы үчүн абдан популярдуу кылды.
Blue Energy тобунун мүчөлөрү айылдагы дээрлик бардык турак жайларды ээлеп алышкан.
Айылдын туризм менеджери Энгин Ватан айылга өткөн жылдарда 15-31-декабрга чейин чет элдик коноктор келбегенин, бирок быйылкы жылы башкача болгонун айтты. «Жыл башынан бери резервациялар уланууда. Бизге Рождество майрамында эч качан чет элдик коноктор келген эмес, бирок быйыл дүйнөнүн бардык бурчунан коноктор келип жатышат. Айылдагы бөлмөлөрдүн дээрлик бардыгы сатылып кеткен», - деди ал.
Ширинже шаарынын тургундары да абдан ыраазы. Ибрахим Катач аттуу жергиликтүү тургун: «Мындай ушак-айыңдардын ар дайым болушун каалайм. Ошондо айылга көбүрөөк эл, кардарлар келип, бул жерде соода жанданмак”.
(Hürriyet Daily News)



