Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ президенти Барак Обаманын Түркиядагы басма сөз эркиндигинин бузулуп жатканын жеңил-желпи сындаганына нааразычылыгын билдирди.
«Мен жокто мындай билдирүү жасалганы мени капа кылды. Бул маселелер Обама мырза менен жолугушуубузда күн тартибине кирген жок», - деди Эрдоган 2-апрелде өзөктүк коопсуздук саммитине катышкан АКШнын борборуна сапарын жыйынтыктап жатып.
Обама Эрдоган менен 31-мартта жабык эшик артында сүйлөшүү үчүн Вашингтондо жолугушту. 1-апрелге карата Обама Түркиядагы «айрым тенденциялардан» тынчсызданып жатканын «жашыруун эмес» деп билдирди.
«Менин оюмча, алардын басма сөзгө карата жасаган мамилеси Түркияны абдан тынчсыздандырчу жолго алып барышы мүмкүн», - деди ал өзөктүк коопсуздук саммитинин соңунда журналисттерге сүйлөп жатып.
АКШ лидери бул сезимдерин Эрдоганга “түздөн-түз” билдиргенин да белгиледи.
Бирок Эрдоган жолугушууда Обама тарабынан мындай комментарий болбогонун баса белгиледи.
«Мага мындай нерсе айтылган эмес. Мындан тышкары, мурунку телефон сүйлөшүүлөрүбүздө басма сөз аркылуу сүйлөшкөндөн көрө бетме-бет сүйлөшүүнүн пайдалуураак болорун макулдашканбыз»,-деди.
«Мен Брукингс институтунда сүйлөгөн сөзүндө айткандай, сын менен кемсинтүүнү айырмалоо керек. Бул жерде пикир лидерлери менен жолугушууда мен аларды мисалдар менен түшүндүрдүм. Түркиянын айрым гезиттеринде президентти «канкор, каракчы» деп атаган макалалар жазылууда. Коркутуп-үркүтүүлөр баш макалаларда айтылууда. Мындай кемсинтүүчү гезит-журналдар дагы деле басып чыгаруу иштерин улантышууда. Түркияда диктатура болгондугу чын болсо, анда мындай басылмалар кантип чыгып кетмек эле?». – деп сурады Эрдоган.
«Мындай кемсинтүүлөргө жана коркутууларга Батышта жол берилбейт», - деп кошумчалады ал. «Эгер Обама бул маселелерди [басма сөз эркиндиги жөнүндө] биздин жолугушууда күн тартибине киргизсе; анда мен ага бул мисалдардын баарын келтирип айтып бермекмин», - деп кошумчалады ал.



