Анадолу маалымат агенттиги
Доктор Хилми Волкан Демир башында турган топ сөөк жана жүлүн сыныктарын дененин сыртынан байкоо үчүн чип иштеп чыгышты.
Долбоор Американын саламаттыкты сактоо институту тарабынан колдоого алынган. Денеге салынган чиптер сынык али оңолбогондугун көрсөтөт.
Анадолу агенттигине маалымат берген Демир, имплант менен чиптерди сөөккө киргизгендерин жана чиптин сөөктүн абалын окуй аларын айтты.
Чиптерди денеге эч кандай электрдик тиркемесиз киргизүүгө болот. Механикалык зарядды сырттан окууга болот, анткени радио жыштыктары бар.
Чиптер абдан кичинекей материалдар менен гана иштелип чыккан. "Чиптерде цензорлор бар жана алар сөөктөрдөгү сыныктарды окуй алышат" деди Демир. Бул продукты соода максаттарында да колдонулушу мүмкүн, деп кошумчалады ал.
Сөөктүн айыгуу процесси абдан ачык көрүнүп турат, деди Демир. «10 күндүк процесс менен сөөктүн айыгып кеткенин же айыкпаганын көрө алабыз. Айыктыруу процесси кээде 30-40 күнгө созулушу мүмкүн; бул да сөөктүн өлчөмүнө жараша болот».



