Түркиянын премьер-министри Түркия Евробиримдикке мүчө болуу максатынан баш тартпаганын айтты.
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өлкөсүнүн Евробиримдикке кирүү милдеттенмесин кайталап, 27 мүчөдөн турган биримдикти Түркия менен мамилени “стратегиялык көз караш менен” чечүүгө үндөдү.
Эрдоган Түркиянын жаңы элчилигинин ачылыш аземинде Берлинде жашаган түрктөргө кайрылып: «Түркия Евробиримдикке мүчө болуу максатынан тайган жок, анткени Биримдиктин максаттарына жана жетишкендиктерине ишенебиз», - деди.
Эрдоган, Евробиримдик дүйнөнүн көп бөлүгүнө тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн кеңейүү процессин уланта бериши керектигин белгилеп, Биримдик дагы эле маанилүү глобалдык актер экенин айтты.
Түркиянын премьер-министри Анкаранын мүчөлүгүнөн Түркия да, Евробиримдик дагы утушка ээ болорун баса белгилеп, Түркиянын мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө саясий жүйө менен бөгөт коюу эки тарапка тең пайда алып келбей турганын кошумчалады.
Түркия ЕБге жүк болбойт
Эрдоган Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгү Евробиримдикке ашыкча жүк салбай тургандыгына кепилдик берүүгө аракет кылды.
«Биз Евробиримдиктин мойнуна жүк болуу үчүн эмес, Биримдиктин жүгүн азайтуу үчүн келгенибизди айттык. Бирок алар бизди түшүнгөн жок, түшүнгүсү келген жок жана дагы деле түшүнбөй жатышат», - деди Эрдоган.
Түркиянын мүчөлүгү Евробиримдикти күчтүү кылат
Эрдоган ошондой эле Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусу Биримдигинин глобалдык оюнчу катары бекемделерин баса белгиледи.
Эрдоган: «Өнүгүп жаткан экономикасы менен Түркия Евробиримдикке Жакынкы Чыгыш, Балкан, Кавказ жана Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө жана тынчтыкты колдогон биримдик катары глобалдык активдүү роль ойноого салым кошот деп ишенем», - деди Эрдоган. Берлиндеги Николас Берггруен институтунда «Европа кризистен ары» аттуу жолугушууда сүйлөгөн сөздөрү.
(Анадолу маалымат агенттиги)


