Түркия Сириянын ондогон карапайым тургундарынын өмүрүн алып кеткен орус аба соккуларын козголоңчулар көзөмөлдөгөн шаарга жасаганын айыптады. Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб шаарында аба соккуларынан 40тан ашуун киши набыт болду.
Анкара менен Москванын мамилеси өткөн айда Түркия Сириянын аба мейкиндигинде орус учагын атып түшүргөндөн берки эң начар абалга келди. Бул окуя орус учкучунун учактан парашют менен түшүп баратканда козголоңчулардын огунан каза тапкан.
2,132-сентябрда башталган Орусиянын аба соккуларынан Сирияда 30ден ашуун адам набыт болгону кабарланды. Набыт болгондордун үчтөн бири карапайым адамдар.
Түркия көптөн бери Сириянын президенти Башар Асадды бийликтен кетирүүгө чакырып, ага каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларды колдойт.



