Роттердамда 26-5-июнь аралыгында биринчи жолу өткөрүлүүчү Кызыл жоогазын кинофестивалында (RTFF) жалпы 9 түрк тасмасы көрсөтүлөт.
Көрүүчүлөр «Дөбөнүн ары жагында» (Тепенин Арды), «Коштошуу Катя» (Эльведа Катя), «Күзөт мунарасы» (Гөзетлеме Кулеси), «Джин», «Жымжырттык түн» (Лал түн) жана башкалар, алардын бардыгы иш-чарада баш байгени алуу үчүн ат салышат.
«Кызыл жоогазын» кинофестивалы Түркиянын маданий тереңдигине жана заманбап жүзүнө көңүл буруу жана кино аркылуу эки өлкөнүн мамилесин бекемдөө максатында уюштурулуп жатканын фестивалдын уюштуруучулары билдирди.
«РТФФ Нидерландияда 400,000 миңден ашуун түрк элинин «маданий жолугушуусу» болуу менен бирге Роттердамдан түрк кинолорун бүткүл дүйнөгө таанытуу үчүн өзгөчө иш-чара болууну максат кылууда»,-деп айтылат иш-чаранын расмий сайтында.
RTFF эки өлкөнүн башкаруучулары бар Нидерланд Түркиянын маданий фонду тарабынан уюштурулууда. Фестивалга тартылган тасмалар шаардын LantarenVenster театрында көрсөтүлөт.



