Тоолуу Карабак жаңжалында карапайым элге артиллериялык сокку уруу согуш кылмыштарына барабар экенин БУУнун адам укуктары боюнча комиссары дүйшөмбү күнү айтып, Азербайжан менен Арменияны аймактагы шаарларга, мектептерге жана ооруканаларга кол салууларды токтотууга чакырганын кайталады.
Өзүнчө Армениянын премьер-министри этникалык армян күчтөрү Сириядан эки согушкерди туткунга алганын билдиргенден кийин Тоолуу Карабакта “чет элдик жалданма аскерлердин” бар-жоктугун иликтөөгө чакырды. Азербайжан чет элдик согушкерлердин бар экенин четке какты.
Кагылышуунун алдыңкы линиясында айыгышкан салгылашуулар 1,000ге жакын адамдын, балким, андан да көп кишинин өмүрүн алган.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет жаңжал болгон аймактагы жана анын тегерегиндеги калктуу аймактарга басмырлоосуз кол салуулар эл аралык гуманитардык мыйзамдарга каршы келерин билдирди.
Ал өз билдирүүсүндө Армения менен Азербайжандын жарандардын өмүрүн жоготпоо жана жарандык инфраструктурага зыян келтирбөө боюнча кайра-кайра чакырыктарына көңүл бурулбай калганын айтты.
"Тескерисинче, үйлөр талкаланып, көчөлөр урандыга айланган жана адамдар качууга же жертөлөдө коопсуздук издөөгө аргасыз болушкан" деди ал. "Мындай кол салуулар токтотулуп, аларды жасаган же буйрук бергендер жоопко тартылышы керек."
30-октябрда Женевада карапайым калкты атайылап бутага албоо боюнча макулдашкандан бир нече сааттан кийин Тоолуу Карабактагы Азербайжан жана этникалык армян күчтөрү бири-бирин дагы бир жолу турак жайларды аткылоодо айыпташты.
Чыр-чатактын эки тарабынын маалыматтарына таянып, Бачелет акыркы салгылашуулардан улам 40,000 миңдей азербайжандар убактылуу жер которгон, 90,000 миңдей этникалык армян Тоолуу Карабактан качып, учурда Арменияда жүргөнүн айтты.
(Reuters маалыматы менен)
Source: CGTN



