Дем алыш күндөрү жеңил рельстүү вагондогу бир нече жүргүнчүнүн ортосунда мушташ чыгып, самурай кылычын сууруп жаткан белгисиз адам тартылган тасма интернетке тараганын New York Daily News билдирди.
Ютубда 300,000 миң көрүүчүгө ээ болгон видеодо эки адам бири-бирине кол салганда, эркек киши сабырдуулук менен мушташка кийлигишип жатканын көрүүгө болот. Эркек самурай кылычын сууруп чыгып, согушкерлер согушту дароо таштап, окуя болгон жерден качып кетишет.
Тынчтыкты орнотуунун адаттан тышкаркы ыкмасы “азыркы самурайларды” бир нече күндүн ичинде интернет-сенсацияга айлантты.
Бирок окуя толугу менен сахналаштырылганбы же жокпу азырынча белгисиз. Учурда бул факты боюнча расмийлер иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
(Hürriyet Daily News)



